Чүйдүн Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар Тойота-Камри унаасынын терезесин атып кетишти. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 07:52 чамасында жабырлануучу Жайыл РИИБине үйүнүн короосунда токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз жарандар атып кетишкенин айтып кайрылган.
"Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда окуя түнкү саат 03:30 чамасында болгону аныкталган. Анда арыз ээсинин Тойота Камри унаасы зыянга учураган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө иштери башталды, ошондой эле бул ишти ИИМ жана Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Айрым жергиликтүү маалымат булактары унаа кайсы бир партиянын лидерине таандык экенин жазышууда.