Бишкекте 20 жаштагы кыз мас абалында "уурдап кетишти, талаада канга боёлгон абалда жатам" деп жалган айткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 19-апрель күнү болжол менен саат түнкү 02:45тер чамасында 102 кызматына Бишкектеги Үч-Терек көчөсүнөн 2001-жылы туулган кызды Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасына салып Кара-Балта шаарына алып кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда аталган факты тастыкталган эмес. Бирок алдын ала алынган маалыматтар боюнча 102 кызматына чалган кыз 19-апрелде саат 22:40тан 00:30 чамасына чейин алар Үч-Терек көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасында классташтары менен чогуу спирт ичимдигин ичишкендерин айтып берген.
Андан кийин классташ кыздары чогуу такси кызматын чакырышып, Ак-Өргө конушуна кетишкен. Жанындагы эки кыз үйүнө жетип, бир классташ кызы Кара-Балтага үйүнө кеткен. Болжол менен 40-50 мүнөттөн кийин классташы ага чалып талаада канга боёлгон абалда жаткандыгын айтып, андан кийин уюлдук телефону өчүп, байланышка чыкпаганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-беренеси "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кыз шаар аймагынан аман-эсен өзүнүн 1996-жылы туулган досу менен жүргөн жеринен табылган. Бардык жагдайларды текшерүү үчүн кыз Ленин РИИБине жеткирилген. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө кыз уурдоо тууралуу мас абалында болгон үчүн айтып койгону жана досу менен чогуу жүргөнү аныкталган", - деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.