Белгилүү орусиялык блогер Илья Варламовдун Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана Садыр Жапаровдун коронавирусту уу коргошун менен дарылоо мүмкүн экендиги тууралуу билдирүүсүнө өз пикирин жарыялады. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Блогердин айтымында, бул тамыр адамга да, жаныбарга дагы коркунучтуу, ал менен чымындарды жана таракандарды да ууландырат.
"Адамдар үчүн өкүнүчтүү, алардын канчасы уу менен өлөрү белгисиз. Дегеле президент жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы текшерилбеген дарыларды колдонууга кеңеш беришкени таң калычтуу", - деген блогер.