"ЭЛДИК КАБАР": "Бишкек-Ош унаа жолунун абалы өтө начар. Чуңкурлар адамдарга казып койгон "кабыр" сыяктуу..." дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Кайрылуусунда Ош-Бишкек унаа жолунун абалы өтө начар экендигин, жолдор оюлуп калганын айтып, оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндүгүн айткан.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 585-606-чакырым аралыктагы жолдун абалы өтө начар. Себеби биздин жолчулардын шалаакылыгы. Адамдарга казып койгон "кабыр" сыяктуу көрүнүп турат. Кайран кыргыз эли качан оңолот? Эмне деген жоопкерчиликсиздик?" - деп кайрылган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ош-Бишкек унаа жолундагы жолдун абал өтө начар" дейт окурман.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusbayastan
2021-04-20 16:12:32
Тоо Ашуунун акыбалын корсон Мышык ыйлайт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан