Швециялык экоактивист Грета Тунберг коронавируска каршы вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жок жакыр өлкөлөргө өзүнүн фондунан 100 миң евро бөлдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
"Кирешеси жогору өлкөлөрдө болжол менен ар бир төртүнчү адам COVID-19 вакцинасын алышкан, ал эми кирешеси төмөн өлкөлөрдө 500дөн ашык адамдын бири гана. Менин фондум дүйнөлүк COVID-19 вакцинасын жайылтууну камсыз кылуу үчүн COVAX'ты колдоп, 100 миң евро бөлөт", - деп жазган Тунберг.
Буга чейин Улуу Британиядагы Винчестер университетинин аймагында Грета Тунбергге эстелик тургузулган. Бирок эстелик аталган мекеменин студенттеринин ачуусун келтирген.