"Газпром Кыргызстан" компаниясы жаңы "Кант" газ бөлүштүрүүчү станциясын курууда

Азыркы тапта иштеп жаткан "Кант" газ бөлүштүрүүчү станциясы (ГБС) 1971-жылдан бери эксплуатацияланып келет жана газ сызылып чыгуу коркунучу бар эскилиги жеткен газ өткөргүчкө туташтырылган.

ГБСтин жабдуулары жана бөлүп кетме газ өткөргүчү 50 жыл мурун курулган жана бир дагы жолу модернизациядан жана жаңылоодон өткөрүлгөн эмес. Эскилиги жеткен газ өткөргүч жана жабдуулар Кант шаарынын жашоочуларын жана өндүрүш объектилерин жаратылыш газы менен коопсуз жана ишенимдүү камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок.

Аталган маселени чечүү максатында, 2020-жылдын аягында "Газпром Кыргызстан" компаниясы жаңы "Кант" ГБСин жана ага барган бөлүп кетме газ өткөргүчүнүн курулуш иштерин баштаган. Жаңы газ объектилерин ишке берүү убактысы ушул жылдын жай мезгилинин башталышына пландалган.

Жаңы курулуп жаткан газ бөлүштүрүүчү станциясы Кант шаарынын жашоочуларынын, коммуналдык-чарбалык жана өндүрүштүк ишканаларынын жаратылыш газын колдонуу көлөмүнүн болжолдуу өсүшүн эске алуу менен долбоорлонгон. Жаңы объект бир гана Кант шаарын эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түндүгүн дагы жаратылыш газы менен камсыздоодогу ишенимдүүлүгүн арттырат. Аталган станция толугу менен автоматташтырылып, коопсуздук багытындагы заманбап талаптарга жооп берет.

Азыркы тапта иштеп жаткан жана жаңы курулуп жаткан ГБСти салыштыруу

Фактор

Азыркы тапта иштеп жаткан ГБС

Жаңы ГБС

Чыгарылган жылы

1971

2021

Кошулган газ өткөргүч

Эски газ өткөргүч 1971-жылы курулган. Азыркы учурда анын эскилиги жетип, газдын сызылып чыгуу коркунучу бар

«Бишкек – Кант – Токмок» буруп кетме газ өткөргүчү 2019-жылы курулган

Башкаруу системалары

Механикалык — бир гана адамдын катышуусунда башкарылат

Күнү-түнү иштеген автоматтык түрдө башкарылат

Коопсуздук

Төмөн. 50 жыл мурунку жабдуулар толугу менен эскирген

Жогорку. Станция заманбап сапат жана коопсуздук стандартары боюнча курулуп жатат

Чыга беришиндеги басым

0,3 МПа

0,6 Мпа чейин – эки эсе көп. Бул кубаттуулукту жогорулатууга жакшы запас болуп саналат

Жаңы ГБСтин артыкчылыктары:

1. Автоматташтыруу жана коопсуздук. Автоматика системалары, үн жана түс сигнализаторлору сызылып чыккан газды тез аныктоого, аны өчүрүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Автоматика адам факторунун таасиринен көз каранды эмес, ошого байлыныштуу күнү-түнү дебей газдын басымын, анын температурасын жана физикалык-химиялык мүнөздөмөсүн көзөмөлдөп турат, ошондой эле станциянын ишиндеги кандайдыр бир айырмачылыктарына же каталарына дароо реакция кылып турат.

2. Жаңы буруп кетме газ өткөргүчкө туташылат. Жаңы ГБС 2019-жылы курулган, жалпы узундугу 62 км түзгөн "Бишкек-Кант-Токмок" буруп кетме газ өткөргүчүнө туташтырылат. Жаңы буруп кетме газ өткөргүч коррозияга туруштук берген полиэтилендин негизинде жасалган көмүртектүү түтүктөн курулган, бул өз учурунда дат басуудан сактап, авариялык коркунучтан арылтат.

3. Көп сандагы колдонуучуларга эсептелген. Аталган ГБС Кант шаарынын жана Чүй облусунун турмуш-тиричилик жана өндүрүш багытындагы колдонуучулардын санынын болжолдуу өсүшүн эске алуу менен курулууда. Эгерде колдонуучулардын саны өссө, анда Кант шаарынын жашоочуларын жана ишканаларын жаратылыш газы менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан