Өлкө аймагында синтетикалык дары-дармектерди өндүрүү лабораториясынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Мефедрон" аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун иши аныкталып ага бөгөт коюлду.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги астында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу жана синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналы түзүлгөнү аныкталган.
16-апрелде атайын жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өзгөчө ири масштабда сатуу аракеттеринде жогорудагы жаран кармалган. 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган жаран №1 тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Маалымат үчүн: баасы 1 грамм “Мефедрон” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5 миң - 6 миң сомду түзөт, аны колдонуу адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн сөзсүз кесепеттери менен нерв системасына терс таасирин тийгизет.