Кыргыз футболдук союзу аймактык футбол ассоциацияларынын командалары үчүн экипировкаларды таратты

Кыргыз футболдук союзу аймактык ассоциацияларды колдоо программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда ойногон ар курактагы балдар, жеткинчек жана кыздар командаларына керектүү жабдыктар менен камсыз кылышты.

Бардык жабдыктар Кыргыз футболдук союзунун эгидасынын алкагында өткөрүлгөн расмий мелдештерде өз аймактарынын атынан чыккан 72 балдар-жеткинчек командасына жана 39 кыз-келиндер командаларга бөлүнүп берилди. Комплектке оюн формалары (өз үйүндө жана конокто ойной турган), дарбазачыларга формалар жана гетралар.

Машыгуу процесстери үчүн топтор, фишкалар, конустар жана топтор үчүн торчолор берилди.

Ошондой эле FIFA Woman’s Football Campaign программасынын алкагында топтор, манишка жана массалык футболдук иш-чаралар үчүн футболкалар тапшырылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан