Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев 52 жашка толду. SUPER.KG порталы акынды туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, төмөнкүлөргө токтолду.
"Туулган күнүм жылдагыдай эле өтүп жатат. Бирок быйыл туулган күнүмдүн оор болуп жатканы Элмирбек Иманалиев (Элмиш) каза болгон күн эле. Окуучулары, ага-инилери, чыгармачыл чөйрө менен "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып куран окуттук. Анан телеге келип эскерүүлөргө катышып, сүйлөп чыгып кетип жатам", - деп билдирди Амантай Кутманалиев.
Чыгармачылыкка 34 жыл
Амантай Кутманалиев 1969-жылы Талас облусунун Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Акын жаш кезинен тарта өнөр дүйнөсүнө аралашып, маданиятка кызмат кылып келе жатканына 34 жылдан ашуун убакыт өттү.
Устаттык жолу...
Азыркы тапта Амантай Кутманалиев Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенет. Акын жаш жаңы чыгып келе жаткан жез таңдай акындарга устат болуп улуу өнөрдүн уучун улап келе жаткан чагы.
Акын көптөгөн Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон
Акын көптөгөн Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Айта кетсек, "Айтыш-2008" эл аралык айтыш өткөрүлгөндө байгелүү орунга ээ болуп 10 миң сом жана диплом менен сыйланган. Ошол эле жылы тил майрамына карата уюштурулган республикалык айтышта баш байгени багындырган. Ал эми 2013-жылы 3-октябрда Улуттук филармонияда Калык Акиевдин 130 жылдыгына карата эл аралык айтышта баш байгени жеңип, баасы 8 миң долларлык Мерседес автоунаасына ээ болгон. 40 мүнөткө созулган финалдык беттеште Аалы Туткучев менен айтышкан. Туткучев Кутманалиевге азил-чыны аралаш тийишип мыкты айтыш курушкан.
20-апрелге карата жылнаама.