Бүгүн, 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан бодо малга бөгөт коюлду. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
"Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде нөөмөттө турган учурда чек арачы 8 баш бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүнү көздөгөн Кыргыз жараны М.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Хюндай-Портер үлгүсүндөгү автоунааны кармады", - деп билдиришти УКМКдан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын баасы 320 миң сомду түзөт.
Учурда тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана бодо мал кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.