Кудум тасмадагыдай... Бишкекте велосипедчен адамды жөөлөп барып, учура сүзгөн айдоочу буга чейин дагы бир унааны сүзгөн (видео)

Буга чейин Бишкекте велосипедчен адамды жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн учура сүзгөн видео жарыяланган. Бул окуя боюнча SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматы буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-апрель күнү болжол менен саат 16:55 чамасында Хонда Одиссей унаасы Түштүк магистраль көчөсү менен чыгышка карай бара жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz унаасын сүзгөн. Андан кийин Одиссей магистраль көчөсү менен батыш тарапка бара жатып, велосипедчен адамды сүзгөн.

Жол кырсыгынан 1 киши жабыркап ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamal777
2021-04-20 18:04:25
Мас экени корунуп турбайбы. Териштиребиз дегенине караганда чиновниктерден болуш керек.
+7
mariolan
2021-04-20 18:27:00
аз күндө үйдүн ичине кирип барып сүзбөсө болду
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан