Баткенде түнкү рейд учурунда өз алдынча жүргөн 48 өспүрүм кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз калган имараттар, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү, чатырлары текшерилди.

"Мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жолугушууларды, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын жыйынтыгында Кадамжай районунун аймагында кароосуз калган өспүрүмдөр аныкталган жок. Түнү өз алдынча жүргөн 48 өспүрүм кармалып, ата-энелерине өткөрүлдү.

Мындан сырткары, тийиштүү мекеме-ишканаларга өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 71 сунуш жөнөтүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана балдар боюнча социалдык өнүгүү башкармалыгына 16 материал жөнөтүлдү", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан