
Ош шаарында 13 жана 9 жаштагы кыздарды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочунун унаасы табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 2-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында Ош шаарынын тургундары 2008-жылы туулган Т.Б. менен 2012-жылы туулган Т.С.ны Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө белгисиз айдоочу эки кызды сүзүп, андан соң качып кеткен.
Натыйжада эки кыз алган жаракатынан улам Ош шаардык ооруканасына кайрылган.
Бүгүн, 20-апрель күнү Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө тобу тарабынан Ош шаарынын аймагынан аталган унаа табылды. Учурда кырсык болгон күнү унааны ким башкарганы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.