ИИМдин региондор аралык бөлүмү тарабынан бизнесмендерди коркутуп, акча талап кылуу менен алектенип жүргөн топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын башында Жалал-Абад шаарында 3 адам 29 жаштагы ишкерди күч менен унаага салып кетип, эл жок жерде ур-соккуга алып, акча талап кылышкан. Бул факты иликтөөгө алынып, 16-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун биринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири 1992-жылы туулган А.З. кармалды.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп жазылган маалыматта.