Токтогулда жеңил машина менен оор жүк ташыган унаа сүзүшүп, 5 жаран жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунун 286-чакырымында Токтогул шаарында Honda Logo жеңил унаасы менен VOLVO оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 20-апрелде катталган. Анда 1 аял жана 4 эркек киши жабыркаган. Алардын арасында 9 жашар бала бар.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо бара жаткан жарандар өздүк унаалары менен райондук ооруканага жеткиришкен. Жерине ӨКМнын Токтогул райондук №97 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан