Ысык-Ата районунда каракчылык жана зордуктоо кылмышына шектүү жаран кармалды

Ысык-Ата районунда каракчылык жана зордуктоо кылмышына шектүү Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, 24-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, күч колдонуп зордуктап кеткени кабарланган. Билдирүү түшкөн жерге барган милиция кызматкерлери 25 жаштагы Ново-Покровка айылынын тургуну уктап жаткан учурда үйүнө медициналык чүмбөтчөн 30-35 жаштагы белгисиз адам кирип, бычак менен коркутуп зордуктап, 30 миң сом акчасын алып кеткенин аныкташкан. Жабырлануучунун көрсөтмөлөрү боюнча Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан