"Бир жылдан бери дүйнө Элмир үчүн ооруп жаткандай". Залкар талант Элмирбек Иманалиевди жакындары эскеришти

Элмирбек Иманалиев деген ысымды билбеген кыргыз жок болсо керек. Кыргыз маданиятында опол-тоодой орду бар, Орто Азияга аттын кашкасындай таанымал төкмө акын, дастанчы, манасчы, айтор көп кырдуу өнөр ээсинин көз жумганына арадан билинбей 1 жыл өттү. Бүгүн, 20-апрелде залкар таланттын жакындары, санаалаш достору, шакирттери бейитине чыгып куран окуп, эскеришти.

Азыркы төкмө акындардын дээрлик бардыгы Элмирбектин шакирттери деген коомдук ишмер Садык Шер-Нияз төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Элмирбек экөөбүз "Айтыш" коомдук фонду жаңы түзүлгөндө таанышканбыз. Ортобуздагы жаш айырмачылык бир топ болгонуна карабай экөөбүз ар кайсы темада достордой сүйлөшөр элек. Азыркы төкмө акындардын дээрлик баарысы Элмирбектин шакирттери. Элмирбектин мыкты адам экенин ушундан дагы билсе болот. Адамгерчилигинин мыктылыгынан ушундай шакирттерди тарбиялап өстүрдү. "Элмирбек Иманалиев" атындагы сыйлыкты даярдадык, буюрса, эл аралык айтыштарда берилип баштайт", - дейт Шер-Нияз.

"Бир жылдан бери 20-апрель мен үчүн аза күнү болуп калды" деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев төмөнкүчө эскерди.

"Бүгүн менин туулган күнүм. Бирок бир жылдан бери бул күн мага аза күнү болуп калды. Мурда жыл сайын Элмишим элден мурда куттуктап телефон чалчу. "Амантай байке, шашпаңыз. Сизге жакшы каалоо тилек айтып коёюн" деп куттуктачу", - дейт Кутманалиев.

"Акыркы жолу сүйлөшкөндө сагындым" деди дейт досун эскерип көзүнө жаш алган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.

"Бир жылдан бери дүйнө Элмир үчүн аза күтүп, Элмир үчүн ооруп жаткандай. Акыркы жолу экөөбүз декабрь айында телефондо сүйлөштүк. Мен чалсам эле бошобой жатам дечү. Өзү такыр чалбай калган болчу. Ошондо өзү чалып калды. Мен тамашалап, "кайдан адашып чалып калдың?" десем, "сагындым" деди. Ушунчалык ыйлагым келип, жанымда болсо катуу кучактагым келди. Мен анда гастролдо элем, шаарга барганда жолугалы дедим. Кийин бошобой жатам деди. Андан кийин Асанкалый Керимбаевди радиодо эскерүүгө барганда жолуктук. Акыркы жолугушуубуз ушундай болду. Мурда жанымда болсо азыр жүрөгүмдө жашайт", - дейт Бейшекеев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев өткөн жылы 20-апрель күнү 42 жаш курагында мезгилисиз дүйнө салган. Акындын артында 3 уул, 3 кызы, ошондой эле шакирттери калды.

Элмирбек Иманалиевди жакындары эскеришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Haanykeim
2021-04-20 23:15:24
Кайталангыс талант эле...
+6
Pankration_MMA
2021-04-21 00:39:13
Койгулачы эми, анчалык эле ашырып, апырта бербегилечи, Элмирден миң эсе күчтүү акындар, улуу улуу аалымдар, Пайгамбарлар өтүп кетти дүйнө таарынбай, ошондой эле туратко, эми бир артистке эле ушунчалык болот беле!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан