
Бүгүнкү күндө Орусиянын ар кайсы окуу жайларында 16 миңдей кыргыз студенти билим алууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган делегация Орусияга барып кайтты. Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды.
"Жолугушууда Алмазбек Бейшеналиев учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 16 миңдей кыргыз студенти билим алып жатканын белгилеп, Кыргыз өлкөсү жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун артышына кызыкдар экендигин билдирди.
Ошондой эле министр Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен да жолугушту. Жолугушууда Кыргыз жергесинде курулуусу макулдашылган 10 билим берүү комплексинин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулмай болду, ал эми калган билим берүү комплекстери этап-этабы менен курулмакчы", - деп айтылат билдирүүдө.