Англиянын алдыңкы футболдук клубдары жаңы түзүлгөн Европа Супер Лигасынан массалык түрдө баш тарта башташты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн турнирден "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити", "Тоттенхэм", "Ливерпуль" жана "Арсенал" футболдук клубдары баш тарткан. Ошентип жаңы турнирден чыгарын расмий жарыялай элек Англия Премьер-Лигасынын жападан жалгыз лондондук "Челси" клубу гана калды.
19-апрелде футболдо укмуштуудай жаңылык тарады. Анда Европанын эң алдыңкы 12 футболдук клубу, анын ичинде Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан үч команда Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы, таптакыр башка Европа Супер Лигасынын түзүлгөндүгүн жарыялашты. Чемпиондор Лигасынын ордуна кабыл алынып жаткан Европа Супер Лигасын өткөрүү форматы тууралуу шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.