Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү бүгүн, 21-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Мындай малыматты SUPER.KG порталына Роза Айтматова тастыктады.
"Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Чыңгыз Айтматовдун үй музейинде болот. Ал эми сөөк Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Мен ооруп жаткандыгыма байланыштуу акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара албайм", - деди Роза Айтматова.
Кечээ, 20-апрелде 79 жаш курагында Мария Айтматованын коронавирустан каза болгондугу кабарланган.