Видео байкоо жүрүп жатканын байкабаган 27 жаштагы адам 7 жаштагы баланы тээп салган (видео)

Чүйдө 7 жаштагы баланын денесине залал келтирди делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине Люксембург айылынын 1992-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 чамасында 7 жаштагы баласынын денесине аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө залал келтиргенин жазган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип 27 жаштагы жаран кармалган. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

Чүйдө 7 жаштагы баланын денесине залал келтирди делген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aiba_00
2021-04-21 09:58:43
Кебетинди бирдеке кылайын дечу эле неме экен, акмак! 27 ге чыгып токтолчу деле убагы экен го, жаш баланы анча эмне тепти очу бардай.
+12
bond02
2021-04-21 11:25:54
Жылкыдай тебет экен го.
+5
zhazgul98
2021-04-21 11:47:32
Кылмышка эң чоң түрткү берген сезимдер - жазасыз калам деген ой менен башташат. Мындайларды жазасыз калтырбоо керек. Жазасыз калуу башка кылмыштуулукка эң чоң түрткү берет.
+9
Adilet55
2021-04-21 16:23:02
zhazgul98, ассаламу алейкум ооба баарыбыз бирибирибиз колдооп жардам берели баарына улгуу бололу
0
Baatirbek81
2021-04-21 13:01:47
Эшек экенго
+6
Erlan_95
2021-04-21 13:53:38
Байкуш бала((
0
Mister-XXX
2021-04-21 14:26:48
Жөн эле турган баланы тээптир го.Бизде жазаны күчөтпөсө ушундай иштер боло берет.
+3
Ozgocho111
2021-04-21 14:35:01
Акыл эси соо эмес,супер аягына чейин козомолдоп ,жазаландыбы толук маалымат бергилечи,,акмактарды эл билсин.
+2
Azat-123
2021-04-21 14:49:38
Ozgocho111,туура айтат, Делонун аягына чейин баамдап турсаңыздар жакшы болмок Супер
+1
elmira.
2021-04-21 15:25:16
Туссуук, буту сынгыр акмак!
0
basyz-kaman
2021-04-21 19:58:23
Тизесине балка менен бир чаап койо турган экен акмактын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан