Футбол дүйнөсүн бир заматта дүрбөлөңгө салган Европа Супер Лигасы расмий түрдө токтоду

Футбол дүйнөсүн бир заматта дүрбөлөңгө салып, Европадагы ири клубдардын башын бириктирүүнү каалаган Европа Супер Лигасы расмий түрдө токтотулду. Бул тууралуу аталган Лига расмий түрдө кайрылуу жасаган.

"Европа Супер Лигасы Европа футболундагы учурдагы абалды өзгөртүүнү каалайт. Азыркы систем иштебегендиктен, биз жаңы турнирди сунуштаганбыз. Биздин сунуш спорттун өнүгүшүн, ошондой эле футболдук пирамиданын өнүгүшү үчүн ресурстарды жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Анын ичинде пандемия шартында финансылык кыйынчылыктарга туш болгон жалпы футбол коомчулугуна жардам берүүнү көздөгөн.

Учурдагы шартта биз күйөрмандарга мыкты тажрыйбаны камсыз кылуу жана ошол эле учурда жалпы футбол коомчулугуна төлөмдөрдү көбөйтүү максаттарын таштабай, долбоорду өзгөртүү боюнча тийиштүү чараларды көрөбүз", - деп жазылат Супер Лиганын кайрылуусунда.

19-апрелде футболдо укмуштуудай жаңылык тарады. Анда Европанын эң алдыңкы 12 футболдук клубу, анын ичинде Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан үч команда Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы, таптакыр башка Европа Супер Лигасынын түзүлгөндүгүн жарыялашты. Чемпиондор Лигасынын ордуна кабыл алынып жаткан Европа Супер Лигасын өткөрүү форматы тууралуу шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан