Аламүдүн районунда зордуктоо кылмышына шектелген жаран кармалды
Аламүдүн районунда зордуктоо кылмышына шектүү жаран
кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
билдирди. Милицияга 31 жаштагы С.Г. аттуу жаран кайрылып, 3-октябрь күнү саат
01:00 чамасында Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринде чала тааныш бирөө зордуктаганын айткан. Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүп, шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.