Бишкек шаарынан унаа уурдоого шектүүлөрдүн тобу кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-мартта Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 29-марттан 30-мартка караган түнү Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жанында токтоп турган ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин жазган. Келтирилген чыгым 160 миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене ("унаа уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, жогорудагы кылмыш ишине шектелип, Ысык-Көл облусунун аймагынан 18, 20, 19, 32, 30 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Сотко чейинки процесстин алкагында, кылмышка шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен мурда уурдалган унаа табылып алынган. Учурда кылмышка шектүү адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.