Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировдун ишине байланыштуу соттук отурум өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 21-апрелиндеги өкүмү менен ал кылмыш ишине күнөөлүү деп табылды.
"Ошондой эле ага карата мамлекеттин бюджетине 265 миң сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул төлөөгө чечим чыкты", - деп билдиришти аталган соттун маалымат кызматынан.
Эске салсак, Бакир Таиров 2020-жылдын 10-декабрында акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Тергөөгө ылайык, ал Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.
2021-жылы февраль айында ал мамлекеттин бюджетине 14 миң доллар төлөгөн.
Кийин ал сотко чейин өндүрүш иши аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.