Милициянын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

Жакында ИИМдин ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, арыздануучунун тууганына карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 5 миң доллар талап кылып жатканын айтып чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошондой эле Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкери А.А. жана ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.Н. жана арыздануучудан кылмыш ишин токтотуп, тергөө абагындагы арыздануучунун тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8 миң доллар талап кылышкан.

2021-жылдын 19-апрель күнү ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. 3800 миң доллар жана 340 миң сом акча каражатын алуу учурунда кызматкер А.Н. жана А.А. кармалган.

Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ички иштер министрлиги жогорудагыдай кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүп, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантат. Азыркы учурда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө жана башка иш-чараларды улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан