"Сагынганда бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү". "Таң сырындагы" табышмактуу сулуу Айтматовдун жубайы болгон

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова кечээ, 20-апрель күнү 79 жашында коронавирус илдетинен каза болду. Ал өмүрүнүн акырына чейин Чыңгыз Айтматов фондунун төрайымы болуп келген.

Белгилүү композитор Сардарбек Жумалиевдин кары-жаш дебей ырдап жүргөн "Таң сыры" аталышындагы ыры Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматовага арналган.

Бул тууралуу композитор "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде айткан.

"Таң сырын" элдин баары ырдап жүрбөйбү. Убагында япон, корейлер да биздин тилде ушул ырды ырдашкан. Ырдын сөзүн жазган Аскар Исаев агам болот. Бул ыр Японияга кеткен кыргыз кызы жөнүндө. Японияга кетип калган кыргыз кыз бир канча жыл өткөн соң Кыргыз өлкөсүнө кайтып келет. Анан ырдын автору ага жолугуп, студент кездеги сүйүүсүн эстеп, ошол кызга карата сезим менен ыр пайда болгон. Ал кыз менен Аскар байке Москвадагы жогорку окуу жайдан таанышып, жакшы сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок кыз Японияга турмушка чыгып кетип калганда,

Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.

Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү... деп күйүтүнөн жазып жатпайбы.

Чынында, кыргыздын уул-кыздары чет мамлекетке барышат. Бирок баары бир өзүнүн жери тартып туруп алат. Куса болот, сагыныч күчөйт эмеспи. Дагы бир кызык жери, ошол кыз Кыргыз өлкөсүнө келе албай калат. Азыркыдай башка өлкөнүн жарандыгын алып жашоо совет кезинде өтө кыйын эле, мыйзам деген катуу болчу да. Мария Япониядан кайта албай жүрүп, кийин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен келген окшойт. Ал учурда жазуучу Кыргыз кинематографиясынын катчысы болчу. Мария Айтматовдун кол алдында иштеп калат. Ошондон улам Айтматовдо сүйүү сезими пайда болсо керек. Экөө баш кошуп, жазуучунун жары болуп калган. Ырдын сөзүн окуп, Аскар байкеме ушул ырыңызды бериңиз, мен обон чыгарайын дедим. Кудай жалгап, ошондо жакшы обон жаралып калган экен, бүгүнкүгө чейин кары-жашына карабай ырдап жүрүшөт", - деп айткан композитор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhazgul98
2021-04-21 13:27:18
Бир нече кылымдар бою бизде аялдардын жашоосу патриархалдык коомдук түзүлүш менен чектелип келишкен. Аялдар үчүн көп нерселер жеткиликсиз болчу. Бирок ошого карабастын коомду озгортууго жетишкен коптогон аялдар болгон. Ар бир ийгиликтин артында ар дайым улуу аял турат. Аялды бирөө же коом сүйгөндө гана толук кандуу инсанга айланат.
-5
Mister-XXX
2021-04-21 14:13:21
zhazgul98,Сенден бироо сурадыбы?
+6
taxa007
2021-04-21 15:09:56
Mister-XXX,ошода
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан