Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Жаш Гвардия бульвары жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонун тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1954-жылы туулган Л.З. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 21:30 чамасында арыз ээсинин 1985-жылы туулган Л.И. аттуу баласын белгисиз жарандар уруп, күч колдонуп телефонун тартып алган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.