Бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаарындагы Дооронбек Садырбаев (Баха) көчөсүндө BMW менен Lexus унааларынын сүзүшкөндүгү кабарланган. Ал эми патрулдук милиция эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
"Болжол менен саат 09:20 чамасында Баха көчөсү менен Шорсе көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү автоунаа менен BMW үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2 айдоочу тең ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти патрулдук милициядан.