SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Исанов айыл өкмөтүндө он күндөн бери электр жарыгы тынбай өчүп жатканын, мындай өчүрүүлөрдүн себебин сурап кайрылды.
"Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүндө 10 күндөн бери электр жарыгы өчөт. Бүгүн таңкы саат 05:30да өчкөн. Кээ бир күндөрү кечки саат 18:30да электр энергиясы берилүүдө. Өчүрүлүү тынымсыз эле болуп жатат. Эскертүү берилбеген күндөрү деле өчүп калууда. Ал эми бүгүн 08:00дөн 17:00гө чейин деген. Бирок эрте эле өчүп калды", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.