Гонконгдо 90 жаштагы кемпир телефон шылуундарына 32 миллион долларын алдатты

Гонконгдо 90 жаштагы кемпир өзүн Кытайдын чиновниктерибиз деп тааныштырган телефон шылуундарына 32 миллион долларын алдатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн Кытайдын коомдук коопсуздук кызматкерлери катары көрсөтүшүп, улгайган миллионерге анын жеке маалыматтары Кытайдын аймагында кылмыш жасоо үчүн колдонулган деп кабарлашкан. Алдамчылар аялдан анын мүлкүнүн кирип-чыгышын текшерүү үчүн каражатты тергөөчүлөргө таандык делген банк эсептерине которууну айтышкан.

Бул окуя Гонконгдо катталган эң ири телефон алдамчылыгы болду. Полиция кылмышка тиешеси бар деген айып менен 19 жаштагы студентти камакка алган. Ошондой эле алар 1 миллион 16 миң доллар калган банк эсептерин тоңдурууга жетишкен. Шылуундар акчанын калган бөлүгүн алып кетүүгө жетишишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан