АКШ Орусияны Украинага каршы үгүттөөдө деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Орусияны Украинага каршы үгүттөөдө деп айыптаган.
"Биз Кремлдин иш-аракеттери үчүн Украинаны жалган айыптоо үчүн иштелип чыккан орусиялык дезинформациялык өнөктүктү көрдүк", - деген Прайс.
Ошондой эле Орусияны Украина менен чек арада аскердик потенциалды арттырып жатат деп айыптаган. Анын айтымында, АКШ Украинаны Орусиянын коркутуулары алдында колдой берет.