Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун белгилүү чабуулчусу Киллиан Мбаппе Испаниянын Мадрид шаарынан өзүнө ылайыктуу турак жай издей баштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал өзүнүн жакын санаалаштарына Мадрид шаарынан ылайыктуу турак жай табууну тапшырган. Азырынча Мбаппе кандай максатта Мадрид шаарынан үй алары белгисиз.
Буга чейин "ПСЖ" футболдук клубу чабуулчу Килиан Мбаппе менен келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча бир пикирге келе албай жаткандыгы маалымдалган. Клуб чабуулчуну 120-150 миллион еврого сатууга даяр.
Киллиан Мбаппе ушул сезондо "ПСЖ" клубунда жалпы 40 оюн өткөрүп, анын ичинен 33 жолу гол жаратып, 10 жолу голдук пас чыгарып берген.