Катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген.
Тактоо үчүн жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.