Бардык Beeline абоненттери үчүн IVI онлайн-кинотеатрына акысыз жазылуу!

IVI онлайн-кинотеатры – бул КМШдагы эң ири орусиялык онлайн-кинотеатр болуп саналат. 100 миңден ашык тасмалардан, мультфильмдерден жана сериалдардан[1] турган коллекциянын аркасы менен ар бир колдонуучу өзүнө жаккан тасманы оңой эле таап, көрсөтүүнүн максималдуу сапатында[2] жана жарнамасыз[3] көрө алат.

IVI жазылуусу эксклюзивдүү контентке жеткилик берет: ири голливуд студияларынын (Marvel, Paramount, Disney, Sony, Universal), ошондой эле көптөгөн эл аралык жана орусиялык өндүрүүчүлөрдүн тасмалары – анын ичинде «Өч алуучулар: Финал», «Жокер», «Алладин» сыяктуу блокбастерлер. Ал эми сериал сүйүүчүлөр (IVI’де гана жеткиликтүү болгон) акыркы хиттерден да («Триггер», «Киши өлтүрүү жазасынан кантип качса болот?»), убакыт менен текшерилген классикадан да («Достор», «Чоң жарылуу теориясы») ырахаттана алышат.

Атайын иштелип чыккан сервистин сунуштамалар системасы жазылуучулардын жеке тандоолорун эске алып, дал сизге кызыктуу боло турган контентти тандайт.

Бир жазылуу бир учурда 5 түзүлүшкө чейин кошууга мүмкүнчүлүк берет[4], демек, ар бир үй-бүлө мүчөсү өзү каалаган учурда каалаган нерсесин көрө алат.

IVI тасмаларын кайсы жерде жана качан ыңгайлуу болсо, тармакка жеткилик албастан, аларды алдын ала жүктөп алуу менен офлайн да көрсө болот[5]. Тасманы үйдөн көрүп баштап, токтоп калган жериңизен телефон, планшет же компьютер аркылуу көрүүнү улантсаңыз болот.

КМШдагы өнүктүрүүчү, билим берүүчү мультфильмдердин жана мультсериалдардын эң чоң балдарга арналган портфолиосунун аркасы менен ата-энелер оңой эле балдарынын көңүлүн ачуу ыкмасын таба алышат[6]. IVI Балдар — бул жекелештирилген жана коопсуз мейкиндик. Анын алгоритмдери көрүү тарыхын эске алып, жаш көрүүчүгө кызыктуу боло турган гана нерсени тандап берип, анын кругозорун кеңейтет. Коллекция бардык жаштагы балдар үчүн көңүл ачуучу, билим берүүчү тасмаларды жана анимацияны камтыйт: «Жылкы Юлий жана Чоң Ат Чабыш», «Тасмадагы Соник», «Барбоскиндер дачада», «Падыша арстан», «Муз жүрөк 2», көңүлдүү билим берүүчү «Бодо Бородо» мультсериалы — балдар үчүн чоң жаркын тасма дүйнөсү.

Өткөн жылдан бери онлайн-кинотеатрдын коллекциясы IVI Originals жеке өндүрүшүнүн картиналары менен толукталды, алардын арасында Анна Меликяндын «Назиктик» аттуу романтикалуу сериалы, кичинекей кишинин тагдыры жөнүндө «Тизеден» аталган юмористтик сериалы, «Эркектер темасы» шоусу жана көрүүчүлөр арасында өзүн сунуштаган башка иштери бар.

Кызматты алуу үчүн Мой Beeline тиркемесинен акысыз мезгилди кошуу зарыл. Сунуш IVI жазылуусун биринчи жолу кошуп жаткан колдонуучулар үчүн иштейт.

Кененирээк http://beeline.kg/ru/ivi-landing сайтында;

Beeline – Сизге жана Сиздин жакындарыңыздарга камкордук менен!

[1] Контент бирдиги

[2] Жеткиликтүү болгон жер

[3] Контентке киргизилбеген жана ТВ-каналдардан тышкары

[4] Колдолгон түзүлүштөр: https://www.ivi.ru/devices

[5] Жеткиликтүү болгон жерде. Бир гана iOS, Android

[6]ИИА TelecomDaily изилдөөсүнүн 2020-жылдын жыйынтыгына ылайык.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан