"Кыргызстан коммерциялык банкы" - Кыргыз футболдук союзунун расмий банкы

14-апрелде Кыргыз футболдук союзу «Кыргызстан коммерциялык банкы» менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Мурзаевич жана «Кыргызстан коммерциялык банкынын» башкармалыктын төрагасынын орун басары Курманбаев Дастан Жыргалбекович келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» банкы бир канча жылдан бери «Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын расмий банкы» аталып, өлкөбүздөгү футболду колдоп келет.

"Бүгүнкү күндө сиздердин банкыңар өлкөдөгү эң белгилүү жана туруктуу банктардын бири болуп саналат. Сиздер менен бир канча жылдардан бери өнөктөш болуп келебиз, «Кыргызстан коммерциялык банкы» биз үчүн ишеничтүү демөөрчү жана бул биз үчүн жагымдуу жаңылык", - деди Канатбек Маматов.

Дастан Курманбаев өлкөбүздөгү футболду жана спортту колдоо абдан маанилүү экендигин белгиледи. "Сиздердин уюм менен бир канча жылдардан бери иштешип келебиз, иштешүүдөн бир гана жагымдуу маанай алып келе жатабыз. Улуттук курама командага көптөгөн голдорду, кызыктуу беттештерди жана ири жеңиштерди каалайбыз", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан