Буга чейин 11-мартта Бишкек шаарындагы №87 мектептин 5-классынын окуучу кызы каза болгон. Күндөгүдөй мектепке кеткен кызы кайра үйгө кайтпай калды деген эне "мектеп жетекчилиги кызым өзүн жаман сезип баштаганда биринчи жардам көрсөтүшсө, балким, аман калмак беле" деп нааразы болгон.
Буга байланыштуу 6-апрель күнү Бишкек шаардык мэрияга кыздын апасы арыз менен кайрылган. Ал мектептин жамааты кызым ооруп, эсин жоготуп жатканда жакшы жардам көрсөткөн эмес деп аларды жумуштан алуусун сураган.
Ал эми бүгүн, 21-апрелде бул окуяга тиешеси бар бардык тараптардын жолугушуусу өтүп, комиссия чечим чыгарды. Чогулушка жалпы мектеп жамааты, ФАПтын, ошондой эле "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери, кызды кабыл алган дарыгерлер жана окуучулардын ата-энелери катышып окуя боюнча көрсөтмө беришти.
Чогулушта кыздын апасынын нааразычылыгын мугалимдер четке кагып, тескерисинче, алар колдон келген бардык жардамын көрсөткөндөрүн билдиришти. Дарыгерлер болсо кыз буга чейин олуттуу жүрөк оорусу жана башка оорулар менен ооруп келгенин айтышууда.
Бишкек шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын башкы адисинин айтымында, бүгүнкү чогулушка кыздын апасы келип, бирок жыйын баштала электе эле нааразычылыгын билдирип катышпастан кетип калган.
"Буга чейин кыздын апасы Обагүл Идирисова шаардык мэрияга келип ыйлап арызын жазып кеткен. Ошонун негизинде комиссия түзүлүп, бүгүнкү күндө чечим кабыл алынды. Комиссияга мүчө катары мэриянын өкүлдөрү, Свердлов райондук акимиатынан өкүлдөрү жана башка тиешелүү мекеменин кызматкерлери катышып, бардык тараптын көрсөтмөлөрүн уктук. Кечээ, 21-мартта кыздын апасы эски аянтка мектеп директору жана мугалимдер жумуштан кетсин деп нааразы болуп чыккан. Буга байланыштуу бүгүн маселе каралды, кыздын апасы дагы чакырылып, ал чогулуш баштала электе эле нааразычылыгын билдирип кетип калды", - деп билдирди.
Комиссиянын чечимине ылайык, мектеп директору жана мугалимдер жумуштан алынбайт, алар кадимкидей иштөөсүн улантышмай болду.