Орусиянын Эл артисти Лариса Долина сырткы келбетин жакшыртууга 1 миллион доллар каражат сарптады. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазышып, ырчы эч кандай хирургиялык операция жасатпаганын маалымдайт.
Лариса Долинанын сырткы келбетине өзгөчө көңүл буруп, кам көрүүсүнө алдыда коё турган шоу концерти себеп болгону айтылат. Иш-чарага даярдык көрүүнү эмитен баштаган ырчы 21 килограмм салмак таштап, сырткы келбетине кам көрүүгө миллион доллар жумшаган.
"Келишимдүү сырткы келбет өзүңдү баалоого таасир этет. Анан, албетте, ашыкча салмакты алып жүрүү тажатты. Мен тиешелүү кароолордон өтүп, мүнөздөп тамак ичтим. Айрым учурда 19 саатка чейин ачка болгон учурларым болду", - деген ырчы.
Лариса Долина 1955-жылы сентябрь айында Азербайжанда төрөлгөн. Ал актриса катары дагы бир катар тасмаларда роль жараткан.