Токмокто ири партиядагы мыйзамсыз алкоголь жана тамеки продукциялары алынды. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мыйзамсыз товарлар рейд учурунда аныкталган.
Белгилүү болгондой, Токмок шаарындагы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тамеки жана алкоголь продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Жыйынтыгында күмөндүү акциздик марка жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө алкоголь, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки тартып алынды.
Салык кызматынан ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн айтышты.