Популярдуу социалдык тиркемелердин бири болгон Инстаграм баракчасы аркылуу киреше тапкандардын саны өсүүдө. Мындан улам тиркеме аркылуу эң көп киреше тапкандардын тизмеси дагы улам жаңыланып турат. Бул жолу социалдык медиа талдоочу "Hopper HQ" жүргүзгөн талдоо боюнча эң көп каражат тапкан дүйнөлүк жылдыздардын тизмеси жарыяланды.
Төртүнчү жолу жарыяланган тизменин сап башында "Аска" каймана аты менен белгилүү актёр Дуэйн Жонсон турат. Ал Инстаграмга жүктөгөн бир билдирүүсү үчүн 1 миллиондон ашуун доллар алат.
Тизменин кийинки катарын америкалык модель Кайли Женнер ээлеген. Анын социалдык тармактагы бир посту 986 миң долларды түзөт.
Алдыңкы үчтүктү белгилүү футболчу Криштиану Роналду толуктайт. Ал 889 миң долларды бир билдирүү үчүн алат.
Бир жарыя үчүн 858 миң доллар алган актриса, модель Ким Кардашьян 4-орунду ээледи.
Андан кийинки орун америкалык ырчы Ариана Грандеге буюрган. Ал бир пост үчүн 853 миң доллар алары белгилүү болду.
Ырчылар Селена Гомес 848 миң доллар, Бейонсе 770 миң доллар, Жастин Бибер 747 миң доллар, Тейлор Свифт 722 миң доллар, ал эми футболчу Неймар 704 миң долларды бир жарыясы үчүн табат.
Рейтинг ички маалыматтарга, жарнамалык агенттиктердин кызмат бааларына жана атактуулардын кирешеси жөнүндө ачык маалыматтарга негизделет.