Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуларга катуу чара көрүлүүдө

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуларга катуу чаралар көрүлүүдө. Муну бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Шаарда жол эрежесин бузган айдоочулардын айынан унаа тыгындар пайда болуп, башка айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатканын белгилейт мекеме. 17-октябрь күнү Жол кайгуул кызматы тарабынан “Парковка”, “Такси, бусс” аталышында рейд башталды. Бир сутка ичинде жол эрежесин бузган 122 кичи автобустун айдоочусуна карата административдик протокол түзүлүп, 95 кичи автобус айып аянтчасына токтотулду. Ошондой эле 22 жеке таксистке карата протокол түзүлүп, 6 автоунаа айып аянтчасына киргизилди.          

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek123
2013-10-20 00:41:11
Джип машиналарга каттуу чара корсо болбойбу? же баардык крутой машиналарда Мелис байкеси барбы?
0
messi.kg
2013-10-20 03:12:41
Мелис ким экен не кудай экенби? Корсо болот камаш керек кыйынмын дегендин баарын ошондо порядок болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан