Космостук кеме Марс планетасынын атмосферасынан кычкылтек бөлүп алууга жетишти

Perseverance космостук кемеси биринчи жолу Марстын атмосферасынан кычкылтек бөлүп алууга жетишти. Бул тууралуу НАСАнын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сыноо 20-апрелде болуп, кычкылтек эксперименталдык Moxie приборунун жардамы менен алынган. Мындай аппараттар космонавттарды дем алуучу аба менен камсыз кылышы мүмкүн деп билдирген НАСА.

Өткөн жылдын июль айында Perseverance космостук кемеси "Марс-2020" миссиясы аркылуу жерден учурулуп, февраль айында Марс планетасына ийгиликтүү конгон. НАСАнын тарыхындагы бешинчи кеме кызыл планетанын түзүлүшүн жана геологиясын изилдөө үчүн жети илимий шайман менен жабдылган.

Космостук кеменин негизги милдети келечекте жерге жеткирилиши күтүлүп жаткан Марс топурагынын үлгүлөрүн чогултуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhazgul98
2021-04-22 23:57:18
Азыркы коомдо илим адамдардын көптөгөн тармактарында жана чөйрөлөрүндө өтө маанилүү ролду ойнойт. Бул жашоону кыйла жеңилдетип, ыңгайлуу кылат. Илимдин өнүгүшү - адамзаттын жашоосунун бардык чөйрөлөрүн жаңыртуунун эң маанилүү фактору. Ал адамдын дүйнө таанымын калыптандырат, адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечет, техникалык прогресс менен тыгыз байланышта. Баардык маселе илимий изилдоонун негизинде жургузулуш керек.
0
Asmat84
2021-04-23 04:04:21
zhazgul98, ошондо...
+3
bekhaliev
2021-04-23 05:03:40
zhazgul98, эмнеге намёк таштапатасын ошондо,сен озун аракет кыл ооз мн иширбей
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан