Кочкордогу жаш келинди атка сүйрөтүп, мыкаачылык менен өлтүрдү делген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Арадан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Бул окуя боюнча Кочкор райондук соту чечим чыгарды. Анда айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим 20-апрель күнү чыккан.

Буга чейин SUPER.KG порталы өздүк булактарга таянып, келиндин күйөөсү мас абалда келип ур-тепкиге алып, аёосуз сабаганын, күйөөсүнөн качып чыккан келиндин артынан ат менен барып, ал жактан чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келгенин айтып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mubarak
2021-04-22 09:56:39
Атып салсын лучше
+9
Zumrudianka
2021-04-22 10:01:51
Эн сонун чечим болумтур, аялын уруп атканда озун аябай кыйын сезип озунун кучуно озу суктанып уруп атса керек эле, турмодо энендин уч коргонун кор
+7
Raik
2021-04-22 10:10:02
Өмүр бою бекер тамак менен жаткызып алып бакпай, атып эле салсын да.
+7
Zumrudianka
2021-04-22 14:10:23
Raik,атып салса оной олуп калат, турмонун тамагы кыйратмак беле, кордук коруп азаттыка зар болуп кыйналып олгону жакшы. Турмодо эч ким башын сылап сыйлуу тамак менен сыйлабаса керек деп ойлойм.
+1
zhazgul98
2021-04-22 10:20:24
Чыныгы кайраттуу аял - бул жашоодо өзүн оюнчук эмес экендигин айкын көрсөткө алган аял.
Бизде кыз кишини оюнчук-буюм сыяктуу коруп калышкан. Каалаган эрежесин тануулай бергендей. Буга чекит коюлуш керек.
+1
aiba_00
2021-04-22 10:42:23
Баткенден Кочкорго балее барбы, келин олбой калат беле.
+2
Kombi
2021-04-22 14:50:20
aiba_00,бала баткенде торолгон
0
mira28
2021-04-22 11:34:34
Справедливость восторжествует.Тураа чечим.
+2
Miraida-toktosunova
2021-04-22 13:22:31
Атып салсын ушуга окшогон эркекти мына ошондо зомбулук азайып калат
+1
rysik79
2021-04-22 13:26:11
Өмүр бою да аздык кылат мындай айбанга.
+1
JaneEr
2021-04-22 13:50:13
Зачем омур бою бекер багып,оор жумуштарга бесплатно иштетсе кичине пайда болмок.
0
karabet
2021-04-22 23:26:59
Сакалы бар экен, бул намаз окуйт экен, жакшы ыймандуу бала экен, мындай болушу мумкун эмес, койбериш керек
-2
Egizderim-baktim
2021-04-23 00:56:58
karabet,тушунбодум какшыкбы же чын эле жаздынбы сакал коюп алып бироону олтурсо же бир сакалчан жаш баланы зордосо сакалы бар деп кое бериш керекби не как
0
karabet
2021-04-23 10:27:50
Egizderim-baktim,какшык. намаз окугандар ушинтип актай беришет. жоопкерчилик алышпайт.
0
Ernisbii
2021-04-24 21:28:28
karabet,атыңа окшогон карабет окшойсуң мындай шакалдын сакалын өрттөш керек.
0
karabet
2021-04-26 14:37:32
Ernisbii, мен офисте иштейм, ошон учун ак. а сеники кара, ошон учун карабет деп койгом
0
Ernisbii
2021-04-24 21:26:42
Мындай шакалдарды химзаводго иштетиш керек өлгүчө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан