Өзгөчө үндүү белгилүү ырчы Билли Айлиштин угармандары дагы да болсо анын жаңы имиджине көнүшө элек. Ырчы өзүнүн социалдык баракчасына чыгарган сүрөтү кеңири тарап, талкуу чордонуна айланган.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар 19 жаштагы ырчы өзүнүн жашынан өтө эле улуу көрүнүп калганын жазышкан.
"Биздин бөбөк чоң эле айымдай көрүнүп калыптыр", "Айлиш чоң эне...", "орус тили сабагынан берген мугалимиме окшоштуруп жатам" жана башка көптөгөн билдирүүлөрдү жазышкан.