"Тагдырды бут менен жеңген талант". Тубаса колу жок, буту менен ыр жазган кытайлык акын менен маек

SUPER.KG порталы чет өлкөдөгү мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз Кытайдын Текес ооданында жашаган боордошубуз, акын Жаныбек Маданбек уулу. Калемгер тубаса колу жок экендигине карабай билим алып, чыгармачылык менен алектенип келет. Каарманыбыз SUPER.KG порталына бейнеси, чыгармачылыгы тууралуу маек курду.

Жараткан өлчөп-бычкан тирдигимди,
Жарыктан сурасаңар кимдигимди –
"Жаны бек болсо экен" деп "барс жылы",
Жаз энем кескен экен киндигимди.

Эңсесем да чоңоюп-чочоюуну,
Эп көрбөймүн какайып-кокоюуну.
Эрте туулуп кеч калган мен Жаныбек,
Элим – кыргыз, уруум – бугу. Токой уулу.

Бак сынап, бутка калем мен кармаймын,
Басынып бул турмуштан кем калбаймын.
Баласы болуп калам бешинчи урпак,
Бармагы жок, баатыр жотом эр Балбайдын.

Кем кылса да тагдырым эки колду,
Келе жатам айра таанып тетир-оңду.
Керек болсо көрсөтүп бераламын,
Келечекке бутумдагы дипиломду! деп буту менен калем кармаган Жаныбек Маданбек уулу 1974-жылы 25-февралда Кытай Эл Республикасынын Текес өрөөнүндөгү Көк-Терек кыргыз айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Калемгер Шинжаң жазуучулар коомунун, автоном райондук эл ооз адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин, Шинжаң азыркы заман улуттар адабиятын изилдөө уюмунун жана Иле казак автоном облустук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин мүчөсү. 2007-жылы казак-кыргыз адабиятынын 8-жолку "Дулдул" сыйлыгын алган. Мындан башка да көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Азыркы тапта акындын алты жүзгө чукул ыры, арноо, рубаи, ондогон баллада-дастан, поэмалары, жыйырмадан ашык аңгеме, фельетондору жана котормолору бар.

Калемгер Текес аймагында үналгы, теле, гезит-журналдарда "тагдырды бут менен жеңген талант" аттуу ат менен кеңири таанымал.

- Саламатсызбы, учурда эмне менен алексиз?

- Саламатчылык, азыр эле Текес оодандык маданият сарайында "Манас изилдөө-коргоо борбору" деген ишкананын жооптуусу болуп эмгектенип келем. Мындан сырткары изилдөөчүлүк жана жазуучулук кесип менен алектенем. Негизинен ооданыбыздын үгүт-маданият жагына бир кишилик үлүш кошумуш болуп жүрөм.

- Сизди ырларыңыз аркылуу таанып отурабыз. Кандай жагдайдан улам ыр жазып баштадыңыз эле?

- Ырды кичинекейимде энемдин жамак-кошогун угуп, андан ыр ыкмасын өздөштүрүп, анан 12 жаш курагымда эле жамактап жазып, макаламды мектеп дубал гезитине жарыялап, ошондон улам шык алып, поэзиядан шыралга берип калгам. "Күйүттүү адам кошокчу" дечү беле, ички идеямды ыр-аңгеме, фельетон менен ачыкка чыгарып келем.

- Кыргыз өлкөсү тууралуу канчалык деңгээлде кабардарсыз? Мекенге болгон сагыныч болсо керек...

- Ала-Тоо менен Ысык-Көлдү алгач энемен угуп, үналгыдан тыңшап, сыналгыдан көрүп, анан акын-жазуучу, ырчыларына аябай дилгирлик менен кызыгып, классиктерден эне тилдин ууз сүтү менен оозанып обоз (тааныгам) болгом.

- Жашоодо сизге мотивация берген нерселер тууралуу айтсаңыз?

- Шык берген нерселер көп го, анын кайсы бирин айтып бүтөйүн. Биринчиден, эл-журтум, устаз, дос-жаран, анан жакшы санаалаш адамдар. Экинчиден, көркөм Көк-Терек айылым, ар улут элинин ынтымак-ырашкерлиги, партия-өкмөтүбүздүн кемеңгер кең пейилдиги жана башкалар.

- Адам жашоону кантип көрктөндүрүп жашашы керек?

- Жакшы үмүт, жаркын эмгек менен кадыресе изденүү, үйрөнүү, чымыркануу, чыдамкай болуу, түңүлбөө, түйшүктөнүү, үлгү алуу, өнөктөшүү өңдүү кишилик сапаттар менен өмүрдү көрктөндүрүүгө болот.

- Учурдагы чыгармачылыкта жаңылыктарыңыз тууралуу кеп курсаңыз.

- Чыгармачылык өз нугу менен жүрүүдө. Азыр Манас таануу, элдик санжыра жана акын-жазуучулук жумушум жайынча эле, анан да мезгили келгенде мерчемдүү жерден кеп болот. Мен мурдуман тынып, бутуман басып эле турат экем, чыгармачылык ишим токтоп калбайт. Өкмөт да жакшы шарт түзүп берип жатат.

- Учурда Кыргыз өлкөсүндө болгон жаңылыктардан кабардар болуп турган чыгарсыз. Өлкөбүздүн бүгүнкү күндө өнүгүүгө карай алган багытыбызга кандай баа бере аласыз?

- Акыркы сурооңузга ал жактын абалынан толук кабарым болбосо да кыска каалоо айта кетейин. Элде ынтымак, биримдик болсо, ырыстуулук болот. Башчысы жакшы болсо элинин бактысы болот. Башка не дейин, кылымга кыргыздай көрүнүп, кырдаалды кыраакылык менен байкап, кыркы-ыркы менен ынак болсо эле Кыргыз өлкөсүнүн эртеңи Ала-Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй ыйык болорунда шек жок.

ЖОЛ

Ар бир шилтем чыйыр, кыйыр кадамда.
Аң-сезимдүү кыймыл өлчөм адамга.
Туура басып жүрбөгөндө көздү ачып,
Турмуш баштайт туюк чаткал-бадалга.

Бул чыйырда эки ача жол болот.
Бири оң да, бири анын сол болот.
Ошондуктан кам сүт эмген пенделер,
Оң-сол жагын алмаштырып кор болот.

Жашап жаткан жер шарыбыз тоголок.
Жаратылыш жаратылат... тонолот.
Бак дегенди токтоткондор токтотот,
Болбосо аның тоголонуп жоголот.

Бир белеске чыктым дебе оо, кагын.
Билесиңби алды жакта ор барын.
Ченеп баспай чексиз узун жолуңду
Чектүү өмүрдө болуп калба шору калың!

ЖЕР КУНАРЫ, ЭЛ ТУРАГЫ

Эгебиз жаратыптыр кул пендесин.
Эмизип тил, сезимин... ыр термесин
Энесин атып салган маңкурт болбой,
Эс-акыл, тил-сүйүүсү бир термелсин.

Тегинде топурактан амал кылып.
Теңирим жаратыптыр адам кылып.
Терезе-эшигиңди бүтөп алсаң,
Тек, сенин көрөөр күнүң караңгылык.

Жан салып акыл-эстүү адам кылып,
Жараткан жаратыптыр амал кылып.
Жакшылык, жамандык деп айтылгандай
Жарыктын артында бар караңгылык.

Кудайым эл жараткан инсан кылып.
Курусун чыгып жатат миң сан кылык.
Кунарын жер шарынын кетирбейли,
Куулук-шумдук иш менен кыр-чаң кылып...

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, чыгармачылык эргүү каалайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiymkan89
2021-04-23 18:02:32
Акем кучтуу экен чынында, омур тилейм
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан