Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 624-чакырымында 26 жаштагы айдоочу Хонда-Фит унаасы менен бара жатып, рулун башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен унаада жүргүнчү катары бара жаткан Өзгөн районунун 4 тургуну жаракат алып, Куршаб аймактык ооруканасына кайрылган. Бул жол кырсыгы Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.