Бишкекте 42 жаштагы жаран өз жанын кыйды

17-октябрда Бишкек шаардык Ленин РИИБине шаардын 42 жаштагы М.Кычыков аттуу тургуну өзүнө өзү бычак сайып, алган жаракаттан каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Жубайы К.Камчыбекованын айтуусунда, 17-октябрда күйөөсү үйгө саат 17:00дө келип, турмуштун оорудугун айтып наалый баштаган жана тамак даярдап жаткан аялынын колунан бычакты жулуп алып, өз денесине сайып жиберген. Бул иш боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mamalashka_2013
2013-10-18 19:48:14
Кудай сактасын озун озу бир себеп м.н олтурсо керек.Мунун себеби дагы деле болсо акча болсо керек деп ойлоймун...
0
tynara81
2013-10-18 21:15:53
Кудайга куноокор болбойун, бирок, аялы же башка бироо эле бычактап салбады бекен...
0
bomba
2013-10-18 21:27:48
tynara81, мумкун жарды жашоо ошого турткондур.. Элибиз жарды болуп баратат барган сайын!
-1
fanatkg
2013-10-18 21:54:36
bomba, элибиз эмес, жалкоолор...
+1
T.Shaiyrbek
2013-10-18 23:09:01
Олсо озунун эле шору,эртен эле унутулуп кетет,адам деген бир аз сабырдуу болуш керек!Эмне ал жактале онойбекен?
+2
s.jenta
2013-10-18 23:18:57
Тамак даярдап жаткан аялынын колунан бычакты жулуп алып... Башка бычак жок бекен? Же аялынын отпечаткаларын актообу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан