Кечээ, 21-апрелде Баткен облусунун Лейлек аймагында мыйзамсыз өтүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта чек ара кызматкерлери кызмат өтөп жатып, текшерүү үчүн Мерседес-Бенц Гигант жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү эки унааны токтотушкан.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында, эки Кыргыз жараны Тажикстанга 3,5 тонна капуста жана 600 килограмм кулпунай азыктарын тийиштүү документтери жок алып бара жатканы аныкталган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогорудагы жүктүн баасы 325 миң сомду түзөт. Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.