Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Талас дарыясына түшүп кеткен 2019-жылы туулган баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баланын атасы ӨКМнын Талас облустук башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөнүн суучулдар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкенин айтты.
Бүгүн, 22-апрелде наристенин ата-энеси тил кат жазып издөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.