18-апрелде өткөн Кыргыз Премьер-Лигасынын алтынчы турдук оюнундагы Оштун "Каганат" футболдук клубу менен бишкектик "Дордой" командаларынын ортосундагы оюнда эки футболчуга көрсөтүлгөн кызыл айып кагазы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюндун 47-мүнөтүндө "Дордой" клубунун коргоочусу Айзар Акматов жана оюндун 87-мүнөтүндө "Каганаттын" коргоочусу Тимур Талипов кызыл айып кагазын алган.
"Видеоматериалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Премьер-Лигасынын эрежелеринин 20-беренесинин негизинде комиссия Айзар Акматов менен Тимур Талиповдун кызыл айып кагазын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды", - деп билдиришти Премьер-Лигадан.
Кыргыз Премьер-Лигасында учурда турнирдик жадыбалда 15 упайы менен бишкектик "Алга" клубу биринчи орунда келе жатат. Ушундай эле упай менен Оштун "Алай" футболдук клубу экинчи орунда болсо, үчүнчүдө 13 упайы менен бишкектик "Дордой" футболдук клубу келүүдө.